Президент: Элибизди үй менен камсыздоо - өлкө бийлигинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири

Президент 9048 11 Апрель 2025 18:18
490302257_1201404155327550_3953890008055722163_n.jpg
490505237_1201403908660908_1689685071591947058_n.jpg
490334449_1201404908660808_7668794653109692968_n.jpg
490593852_1201404848660814_4207214902711055423_n.jpg
490291204_1201404811994151_1909360635345508349_n.jpg
490585148_1201404785327487_3236294622726766954_n.jpg
490273415_1201404725327493_8241121551384616748_n.jpg
490371297_1201404705327495_8271736067433113423_n.jpg
490476546_1201404688660830_2520371369513930948_n.jpg
490581031_1201404621994170_966279524507045251_n.jpg
490517899_1201404581994174_2408635068738449520_n.jpg
490447984_1201404565327509_6796416270712707692_n.jpg
490302222_1201404508660848_5057490360687803658_n.jpg
490459622_1201404468660852_3635344612979979593_n.jpg
490583329_1201404455327520_8857905094147419638_n.jpg
490700488_1201404385327527_8526637073501161737_n.jpg
490245055_1201404365327529_8346479265536529448_n.jpg
490276559_1201404341994198_2817335209012122522_n.jpg
490413910_1201404271994205_448583518743841792_n.jpg
490269079_1201404268660872_1291532858639967871_n.jpg
490449842_1201404228660876_2531147110892987328_n.jpg
490744726_1201404115327554_2415707455630483664_n.jpg
490302257_1201404155327550_3953890008055722163_n.jpg
490475595_1201404128660886_6231813438698832197_n.jpg
490397683_1201404041994228_1204993913362473903_n.jpg
490225906_1201403905327575_1171598709463247664_n.jpg
490296837_1201404038660895_2200705683860626605_n.jpg
490244448_1201404008660898_2476594239018959619_n.jpg
490270338_1201403871994245_6931486379378916492_n.jpg
490703846_1201403861994246_3791419600128921862_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жай комплексинин салтанаттуу ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы элибизди турак жай менен камсыз кылуу — өлкө бийлигинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин баса көрсөтүп, Кыргызстан боюнча үй куруу иштери кызуу жүрүп жатканын айтты.

«Бүгүн мамлекеттик турак жай саясатынын иш жүзүндөгү жыйынтыгы, «Менин үйүм» программасынын кезектеги натыйжасы катары Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү 612 батирлүү заманбап үйдү тургундарга тапшыруу алдында турабыз», - деп президент канааттануу менен белгиледи.

Комплекс жалпысынан 6 блоктон турат жана ар бир блок 18 кабаттуу. Ал газ, суу жана канализация борбордук тармактарына толук туташтырылган. Жылытуу системасы өзүнчө автономдуу отканадан камсыздалат, ал эми электр энергиясы турак жай аймагындагы өзүнчө трансформатордук подстанция аркылуу берилет.

Садыр Жапаров ошондой эле өлкөдө биримдик жана тынчтык болуп турса, бул программаны ишке ашыруу мындан ары дагы улантыларын айтты. Ал он миңдеген жарандарыбыз илгери үмүт менен кезекке туруп, үйлүү-жайлуу болсом деп зарыгып күтүп турганын, алардын үмүт-тилектерин аткарганга мамлекетибиздин күчү жетерин белгиледи.

Ал жакынкы күндөрү борборубуздун Маликов көчөсүндөгү 600 гө жакын батир жана ошондой эле Жалал-Абад шаарында салынган 1,5 миң батир кезекте турган жарандарыбызга тапшырыларын кошумчалады.

«Мен турак жайга муктаж ар бир адам үйлүү болсо деп кыялданам. Үйлүү болсо кубанам! Бара-бара андай жарандарыбыздын баарын үй менен камсыз кылууга жетишебиз», - деди Президент жана комплекстин курулушуна катышкан бардык адистерге ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 80 миллиард сомдон ашканын, бул аны Кыргызстандагы мындай ири капиталы бар жападан жалгыз мамлекеттик ишканага айлантканын белгиледи. Мамлекет башчысы билдиргендей, жакынкы келечекте компания өз алдынча каржылоого өтүүнү жана өлкөнүн турак-жай фондун дагы да кеңейтүүнү максат кылууда.

Президент МИК шарттары тууралуу кеңири айтып берип, алардын ишинин ачык-айкындыгын баса көрсөттү.

Кезектерди онлайн режиминде көзөмөлдөп турса болот, кезекте турган жарандарга маалымат жеткиликтүү. Акча каражаттары электрондук көзөмөлдө турат, бул уурдоолорго жол бербейт. «Эч ким эч нерсе уурдай албайт. Уурдаса дароо көрүнүп калат жана уурдаганын эселеп кайтарууга милдеттүү болот», - деп белгиледи Мамлекет башчы.

Президент бул турак жай комплексиндеги бөлүштүрүү тууралуу айтып берди:
кезекте турган жарандардын жарымы алдын ала төлөмү жок 25 жылдык мөөнөткө батирлерди алышты. Экинчи жарымы – алдын ала 50 пайызын төлөп, калган суммасын 10-15 жылдын ичинде төлөө шарты менен алгандар.

МИКте турак жай менен камсыз кылуунун бир нече программасы бар. Мурда бир эле вариант бар болчу: алдын ала 30 пайызын төлөө, калган суммасы 10 жылдын ичинде жылдык 14 пайыз менен төлөнгөн.

Садыр Жапаров учурда шарттар кыйла ийкемдүү болуп калганын белгиледи:

  • мамлекеттик иштерде иштегендер үчүн — 4% пайызга чейин түшүрүлдү.
  • жеке жактар үчүн — 8% чейин, алдын ала төлөмү жок 25 жылдык мөөнөткө берилет.

Президент башка дагы жаңылыктарга токтолду: эгер мурда МИК аркылуу алган батир үй-бүлөгө тардык кыла баштаса, аны кыйла кең батирге алмаштырууга болот. Мисалы, бир бөлмөлүү батирди – эки же үч бөлмөлүүсүнө. Мурда биринчи батирге төлөнгөн сумма кийинки кеңейтилген батирдин төлөмүнө эсеп болуп кете берет.

Мамлекет башчысы алдын ала 50 пайыз төлөгөн жарандар тууралуу да айтып берди: спекуляцияларга жол бербөө үчүн алар МИК программасынан бир эле жолу батир ала алышат. Мындай батирлерди алгандан кийин дароо сатууга болбойт. Алдын ала төлөнгөн 50 пайыз учурдагы курулушту каржылоого жумшалат. Мына ушул каражаттардын эсебинен курулуштун 60-70 пайызы бүткөрүлдү.

Президент ушул иш карапайым эл үчүн мурда эле жасалса болмок деген өкүнүчүн билдирди. «Мамлекеттин күчү да, акчасы да жетмек. Бирок эч ким жасаган эмес. Башынан этегине чейин уурулуктар көп болгон», - деп ырастады Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров белгилегендей, МИК капиталы ыкчам өсүүдө, дагы 1-2 жылда 100 миллиард сомдон ашат. Бүгүнкү күндө МИК батирлери чарчы метри 850 доллардан «под ключ» берилип жатат. Ошол эле учурда жеке компанияларда баа кыйла жогору. Ал өткөн жылы Скрябин көчөсүндө – шаардын борборунда 539 батир курулуп, жарандарга үстүнө пайыз кошпостон, чарчы метрине 650 доллардан берилгенин баса белгилеп өттү.

Президент эми мындан ары турак жай сатууда үстүнө пайыз кошуу киргизилерин кошумчалады. Бул 25 жылдын ичиндеги инфляциялык тобокелдиктерди компенсациялоо үчүн зарыл. Буга карабастан, ал МИК баалары жеке курулуш компанияларга салыштырмалуу кыйла арзан болоруна басым жасады. «Биздин максат – карапайым жарандарды үйлүү кылуу», - деп баса белгиледи ал.

«Максатыбыз ийгиликтүү ишке ашса, жарандарды турак-жай менен мамлекеттик бюджетке кошумча жүк келтирбестен камсыздай алабыз. Ипотекалык компаниянын иши туруктуу жана натыйжалуу жолго коюлат», - деп Садыр Жапаров сыймыктануу менен билдирди.

Ал «Менин үйүм» программасынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында турак жай курулуштары жүрүп жатканын кошумчалады. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 60 миңден ашуун батирдин курулушу башталып, алардын басымдуу бөлүгү активдүү фазада турат.

Мамлекет башчысы сөзүнүн соңунда: «Мамлекет менен элдин ортосундагы ишеним арта берсин. Жарандарыбызга болгон камкордугубуз, бири-бирибизге болгон сый урматыбыз күндөн-күнгө бекемделе берсин», - деп баса белгиледи.

Андан соң Президент Садыр Жапаров батирлерди көрүп чыкты жана болочок жашоочулар менен баарлашып, аларга жаңы үйлөрү жылуулук тартуулай турган коломто, ынтымактын очогу, өнүгүүнүн башаты болушун каалады.