Садыр Жапаров ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин спикерлерин кабыл алды

DST_5797.JPG
DST_5723.JPG
DST_5748.JPG
DST_5761.JPG
DST_5794.JPG
DST_5601.JPG
DST_5605.JPG
DST_5650.JPG
DST_5690.JPG
DST_5712.JPG
Алдыга
Артка
DST_5797.JPG
DST_5723.JPG
DST_5748.JPG
DST_5761.JPG
DST_5794.JPG
DST_5601.JPG
DST_5605.JPG
DST_5650.JPG
DST_5690.JPG
DST_5712.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин спикерлерин кабыл алды. 

Жолугушуу Бишкек шаарында өтүп жаткан ТүркПА кеңешинин 15-пленардык жыйынынын алкагында өттү. 

Мамлекет башчысы бул жолугушуу боордош мамлекеттердин ортосундагы достуктун жана өз ара ишенимдин айкын далили экенин айтып, Кыргызстан ТүркПАнын алкагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады. 

Ал ассамблеянын ишмердүүлүгү боордош мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана соода-экономикалык, транспорттук, энергетикалык, санариптик жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталганын белгиледи. 

Өз кезегинде парламенттердин спикерлери президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоодогу Кыргызстандын маанилүү ролуна токтолушту. 

Ошондой эле алар парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө, интеграциялык процесстерди колдоодо жана боордош мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө ТүркПАнын маанисин баса белгилешти. 

Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы байланыштарды мындан ары чыңдоого, ошондой эле түрк элдеринин жалпы баалуулуктарын жана улуттук өзгөчөлүгүн сактоого өзгөчө көңүл бурулду.