Садыр Жапаров Түндүк Македониянын президенти Гордана Силяновска-Давковага көңүл айтты

Президент Загрузка... 17 Март 2025 18:10
5964079162065008593.jpg
copyright icon Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кочани шаарында болгон өрттөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Түндүк Македониянын президенти Гордана Силяновска-Давковага көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“2025-жылдын 15-мартынан 16-мартына караган түнү Түндүк Македония Республикасынын Кочани шаарында болгон өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, Түндүк Македония Республикасынын элине, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. Жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.