Садыр Жапаров Ташкенттеги Ислам цивилизациясы борборуна барды

Президент 15 Ноябрь 2025 21:55
FB_IMG_1763222450052.jpg
FB_IMG_1763222452930.jpg
FB_IMG_1763222456483.jpg
FB_IMG_1763222458770.jpg
FB_IMG_1763222461071.jpg
FB_IMG_1763222463257.jpg
FB_IMG_1763222465649.jpg
FB_IMG_1763222467880.jpg
FB_IMG_1763222470299.jpg
FB_IMG_1763222472323.jpg
FB_IMG_1763222478447.jpg
FB_IMG_1763222478183.jpg
FB_IMG_1763222482856.jpg
FB_IMG_1763222485525.jpg
FB_IMG_1763222486413.jpg
FB_IMG_1763222489923.jpg
FB_IMG_1763222492041.jpg
FB_IMG_1763222494228.jpg
FB_IMG_1763222496394.jpg
FB_IMG_1763222496312.jpg
FB_IMG_1763222502023.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1763222450052.jpg
FB_IMG_1763222452930.jpg
FB_IMG_1763222456483.jpg
FB_IMG_1763222458770.jpg
FB_IMG_1763222461071.jpg
FB_IMG_1763222463257.jpg
FB_IMG_1763222465649.jpg
FB_IMG_1763222467880.jpg
FB_IMG_1763222470299.jpg
FB_IMG_1763222472323.jpg
FB_IMG_1763222478447.jpg
FB_IMG_1763222478183.jpg
FB_IMG_1763222482856.jpg
FB_IMG_1763222485525.jpg
FB_IMG_1763222486413.jpg
FB_IMG_1763222489923.jpg
FB_IMG_1763222492041.jpg
FB_IMG_1763222494228.jpg
FB_IMG_1763222496394.jpg
FB_IMG_1763222496312.jpg
FB_IMG_1763222502023.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы Ислам цивилизациясы борборуна барды.

Комплекстин ишмердүүлүгү жана музей экспозициясы менен таанышуу Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун алдында өттү.

Аймактын лидерлерине ислам илиминин, маданиятынын жана агартуусунун өнүгүшүнө Борбор Азия элдеринин көп кылымдык салымын чагылдырган кол жазмалардын, артефакттардын жана уникалдуу экспонаттардын бай коллекциясы тааныштырылды.

Таанышуунун жүрүшүндө Ислам цивилизациясынын борборунун тарыхый булактарды, руханий мурасты жана заманбап изилдөөлөрдү бириктирген илимий-билим берүү жана маданий борбор катары маанилүү ролу баса белгиленди.

Азербайжан, Казакстан жана Тажикстандын лидерлери менен бирге президент Садыр Жапаров Ыйык Куран залын көрүп чыкты, ал жерде Усмандын Мусхафы - ислам дүйнөсүндөгү эң байыркы жана эң ыйык кол жазмалардын бири сакталат.

Мамлекет башчыларына ошондой эле исламга чейинки цивилизацияларга, Биринчи жана Экинчи Ренессанс доорлоруна жана аймактын улуу ойчулдарынын бай руханий жана илимий мурасын жана ар кандай тарыхый династиялардын сейрек кездешүүчү кол жазма басылмаларын көрсөткөн кайра жаралуунун азыркы этабына арналган бөлүмдөр тартууланды.

Иш-чаранын соңунда "Келечек мурасы" эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.

"Адабият" номинациясында ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раев жогорку сыйлыкка татыктуу болду.

"Келечек мурасы" сыйлыгы адабият, маданият, искусство, илим, билим берүү жана санариптик технологиялар тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошкон ишмерлерди колдоого жана сыйлоого багытталган.