Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Талас шаарында жаңыдан бой көтөргөн “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун салтанаттуу ачылышына катышты.
Мамлекет башчысын салтанатта биринчи айым Айгүл Жапарова коштоп келди.
Иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, маданият министри Мирбек Мамбеталиев, аймактын активдүү коомчулугу жана жергиликтүү тургундар катышты. Майрамдык салтанатта роботтор улуттук "Кара жорго" бийин бийлеп, конокторго өзгөчө маанай тартуулады. Салтанаттуу ачылыштан соң президент комплекстин башкы корпусун кыдырып чыкты.
Жалпы аянты 6,5 гектарды ээлеген заманбап комплекс 9 өзүнчө корпустан турат. Долбоор толук кубаттуулугунда ишке киргенде 500гө жакын жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болот.