Садыр Жапаров минкаб мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты

18 июнь 2025 13:31
508998553_23915238231429528_8190084475450889079_n (1).jpg
508847423_23915239334762751_6464649381086220874_n.jpg
508829671_23915239254762759_810242892059994541_n.jpg
509229810_23915239064762778_6872098823802467584_n.jpg
509057620_23915238984762786_7718394467047296227_n.jpg
509316901_23915238894762795_193201190849214836_n.jpg
508604781_23915238741429477_5831609968020089048_n.jpg
508864912_23915238618096156_1645674427457382951_n.jpg
509350644_23915238551429496_4534138625485696982_n.jpg
508946931_23915238428096175_7824146759344571902_n.jpg
509433569_23915238271429524_5399784002827399953_n.jpg
508934969_23915237971429554_1572271126353000158_n.jpg
508720129_23915237768096241_4175867737845806062_n.jpg
508720475_23915237811429570_3502611953405022867_n.jpg
509316626_23915237688096249_9193666292798496829_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Бүгүн, 18-июнда президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү.

Төмөнкүлөр ант беришти:

— саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев;

—архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев;

— маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев;

— санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов;

— агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева;

— илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов;

— коргоо министри Руслан Мукамбетов.

Андан соң президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Кыргызстандын бакубаттуулугуна, гүлдөп-өсүшүнө жана стабилдүүлүгүнө багытталган демилгелерди колдоп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы учурда эл аралык абал мурда болуп көрбөгөндөй курчуп, дүйнөлүк кырдаал абдан татаалдашып жатканын өзгөчө белгиледи.

“Дүйнөдө болуп жаткан окуялар, геосаясий чыңалуулар алыс-жакын дебей бардык мамлекеттерге өз таасирин тийгизип, социалдык-экономикалык кыйынчылыктарды жаратып жатканын көрүп турасыздар. Улуттук ынтымакты ыйык тутуу маселеси биринчи орунга чыккан ушундай кооптуу жагдайда баарыбыз эң алды менен ынтымакта иш алып баруубуз зарыл”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал кошумчалагандай, бардык бийлик бутактарынын биримдигинин аркасында коңшу өлкөлөр менен болгон мамилелер, анын ичинде чек араларды аныктоо маселеси тез арада жөнгө салынды.

“Эгерде депутаттардын көпчүлүгү ошол маалда ач кыйкырык жасагандарды, митинг уюштургандарды, жалган маалыматтарды таратып, элдин башын айландыргандарды ээрчип кеткенде курчуп турган абал Кыргызстанда эле эмес, азыр чатак болуп аткан өлкөлөрдөй эле Борбор Азия дагы таптакыр башка нукка бурулуп кетмек. Ошондо абалды болтурбоодо сиздердин акыл калчап, жети өлчөп – бир кесип чечим кабыл алган сабырдуу депутаттардын эмгегиңиздер зор болду”, - деп белгиледи президент.

Жаңы дайындалган министрлерге кайрылып, мамлекет башчысы алар ийгиликтүү иштер менен катар, эл тарабынан да, депутаттар тарабынан да көптөн бери айтылып келе жаткан көптөгөн чечилбеген маселелер үчүн жооптуу экенин белгиледи. Ал ар бир дайындоо изги тилекке, күтүүлөргө жана аларга ишенип берилген багыттарды өнүктүрөт деген ишенимге негизделгенин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров министрлер ант берүү менен элге кызмат кылуу, мыйзамдарды так сактоо жоопкерчилигин өздөрүнө алаарын эске салып, мыйзам бузуулар орун алса, күнөөлүүлөргө мыйзам чегинде чара көрүлөрүн баса көрсөттү.