Бишкек, 31.08.26. /Бишкек/. Президент Садыр Жапаров менен Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин кенен курамдагы сүйлөшүүсү өтүүдө.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.
Сапардын алкагында мамлекеттер, өкмөттөр жана ведомстволор аралык бир катар документтерге кол коюу пландалууда.
Кытайдын төрагасынын мамлекеттик сапары коңшу эки өлкөнүн ортосундагы бекем достукту жана кыргыз-кытай кызматташтыгын чыңдоодо маанилүү кадам болуп калмакчы.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин күн мурун, 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген.