Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин бейформал жолугушуу өткөрүштү — Кабар

Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин бейформал жолугушуу өткөрүштү

Президент 30 август 2026 21:00
IMG_6667.jpeg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 30-августта Бишкек шаарында расмий эмес шартта жолугушту.

Бейформал кечки тамактануу учурунда эки өлкөнүн лидерлери жылуу маанайда пикир алышып, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыда өтө турган расмий иш-чаралардын негизги темаларын талкуулашты.

Си Цзиньпин Кыргыз Республикасында мамлекеттик сапар менен болууда. Кытай лидери ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууга катышат.