Садыр Жапаров менен Binancе`тын негиздөөчүсү Жыргалаңга барды

Президент 1211 08 Февраль 2026 18:13
627278439_1469131735221456_1112798314983728864_n.jpg
627447839_1469133188554644_1702330775160624692_n.jpg
627480035_1469131915221438_8261076472708780205_n.jpg
627680126_1469132395221390_4267988545655955905_n.jpg
628018165_1469133348554628_3632779418792118694_n.jpg
628064683_1469130988554864_1014804907620998922_n.jpg
628087768_1469131731888123_8928573263435041816_n.jpg
628191328_1469132475221382_9123101458138316407_n.jpg
628203262_1469131805221449_6267607985627445333_n.jpg
628215363_1469133275221302_4825172011266751482_n.jpg
628356629_1469133218554641_189804124518588851_n.jpg
628423928_1469131948554768_9033917546750837416_n.jpg
628455157_1469132501888046_6792727469440529371_n.jpg
628460783_1469132378554725_9069355597387905676_n.jpg
628505774_1469132341888062_304063197879264117_n.jpg
629127446_1469132098554753_7390732804160663489_n.jpg
629256746_1469132445221385_329440365796386171_n.jpg
629443500_1469132188554744_8838800916433708000_n.jpg
629751003_1469132518554711_2956904645627094746_n.jpg
629756933_1469133305221299_2685752565141286781_n.jpg
630186381_1469132308554732_8350258838203209405_n.jpg
630276699_1469133248554638_6799404813524846375_n.jpg
630625220_1469132225221407_2087917658476796894_n.jpg
627040355_1469131768554786_8828035294580930080_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.02.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында ири эл аралык Binance криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен бирге Жыргалаңга барды.

Алгач Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжао комплекстин аймагын көрүп чыгышты. Андан соң Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курорттук шаарчаларын бириктирген “Ала-Тоо Резорт” бардык мезгилге ылайыкталган тоо лыжа кластеринин курулушу менен таанышышты.

Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары — президенттин жана министрлер кабинетинин Чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев долбоордун артыкчылыктарын, алардын катарында тоо лыжа кластеринин стратегиялык жайгашуусу, экологиялык тазалыгы, туруктуу өнүгүүсү, инвестициялык жагымдуулугу жана эл аралык деңгээли тууралуу айтып берди.

Бүгүнкү күндө заманбап асма жол инфраструктурасын куруунун активдүү фазасы уланууда. Ылдамдыгы жогору B1 жана B2 аралаш асма жолдору туристтерге ыңгайлуу кабиналарда да, ачык отургучтарда да тоо боору менен жогору көтөрүлүүгө мүмкүндүк берет.

Тоо лыжа кластеринин жалпы аянты 3916 гектарды түзөт. Тоо лыжа трассаларынын узундугу - 260 км, бул “Ала-Тоо Резорт” кластерине дүйнөдөгү трассалары эң узун он курорттун катарына кирүүгө мүмкүндүк берет.

Комплекстин аймагында ошондой эле панорамалык ресторан, конференц-залдар, медициналык борбор, стадион, амфитеатр жана рекреациялык парктар жайгашат.

Учурда ичүүчү суу менен камсыздоо системалары курулуп, тазалоочу курулмалар долбоорлонуп, электр чубалгылары тартылууда. Ошондой эле Каракол - Жыргалаң автожолун реконструкциялоо башталды.

Азамат Кадыралиев долбоорду ишке ашырууда мамлекет инвесторлорго карата жекече мамилени жана документтерди даярдоо этабында эле бюрократияны азайтууну камсыздай турганын айтты.

Ал июль айында асма жолдорду жана жеке виллаларды куруу аяктай турганын, ал эми декабрда масштабдуу долбоордун биринчи фазасы - Жыргалаң курорттук шаарчасынын ачылышы болорун кошумчалады. Кийинки жылы үч, төрт жана беш жылдыздуу мейманканалар курулат.

Андан соң президент Садыр Жапаров жана Binance негиздөөчүсү Чанпэн Чжао даярдалбаган трассалардан лыжа тээп (фрирайд) түшүштү.

Мындан кийин Чанпэн Чжао Кыргызстандагы тоо лыжа эс алуусу жана туристтик потенциалы тууралуу таасирлери менен бөлүштү. Ал тоолордун өзгөчө кооздугун жана абанын тазалыгын белгилеп, Кыргызстанды өзүнүн досторуна жана өнөктөштөрүнө эс алуу багыты катары сунуштоого ниеттенип жатканын баса белгиледи.