Садыр Жапаров Ли Чжэ Мёнду Кореянын президенти болуп шайланышы менен куттуктады

Загрузка... 04 Июнь 2025 16:00
photo_5332405995286.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ли Чжэ Мёнду Корея Республикасынын президенти кызматына шайланганы менен куттуктады.

“Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан сизди президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңишиңиз жана Корея Республикасынын президенти болуп шайланганыңыз менен чын дилимден куттуктайм.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгы сиздин республиканын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган прагматикалык саясатыңызга болгон элдин ишениминин жана колдоосунун айкын далили.

Сиз менен бирге мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыкты мындан аркы бекемдөөгө салым кошууга даяр экенимди билдирем.

Улуу Мартабалуу сизге бекем ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми Корея Республикасынын элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”, - деп айтылат президент Садыр Жапаровдун куттуктоосунда.