Садыр Жапаров Кыргызстандын Кореядагы элчилигине барды

Президент 17 сентябрь 2026 14:45
813582778_1676065881194706_2160100114238843596_n.jpg
813733743_1676065904528037_3768357096065246417_n.jpg
814310179_1676065941194700_9199147333790015791_n.jpg
813692287_1676065827861378_3687899768508688839_n.jpg
813361300_1676065861194708_4028295491418472740_n.jpg
813825531_1676065977861363_8271384694616132121_n.jpg
813525470_1676065954528032_6974548787161295218_n.jpg
813949140_1676065914528036_2763380130923156809_n.jpg
813606364_1676065817861379_5838383423960109206_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын элчилигине барып, Сеул шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү менен таанышты.

Кыргызстандын Корея Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн маанилүү тарыхы бар: 2006-жылы Сеул шаарында консулдук ачылып, 2008-жылы элчилик болуп кайра түзүлгөн.

Көп жылдар бою дипломатиялык өкүлчүлүк имаратты ижарага алууга аргасыз болгон. Ижара акысына кеткен ай сайынкы чыгымдар мамлекеттик бюджетке олуттуу жүк жаратып келген.

Кырдаал 2025-жылдын апрель айында өзгөрдү. Ошол учурда Сеул шаарынын борборунан - өлкөнүн негизги административдик жана мамлекеттик мекемелерине жакын жерден - Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн өзүнүн имараты сатылып алынган.

Элчиликтин жамааты менен болгон баарлашууда президент Садыр Жапаров ижарадагы имараттан өзүнүн жеке менчигиндеги имаратка көчүү бюджеттик каражаттарды олуттуу үнөмдөөгө гана эмес, жарандарды кабыл алуу, кызмат көрсөтүү жана Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк бергенин баса белгиледи.

Ал бюджеттик чыгымдарды оптималдаштыруунун мындай ыкмасын – чет өлкөлөрдөн менчикке имараттарды сатып алуу аркылуу чыгымдарды үнөмдөөнү – өлкөнүн башка дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө да активдүү колдонуу зарылдыгына токтолду.

Мамлекет башчысы иш бөлмөлөрүн, консулдук бөлүмдү жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү залдарын көрүп чыгып, Кореянын борборунан менчикке имарат сатып алуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын чет өлкөлөрдөгү статусун жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуудагы маанилүү кадам экенин айтты.

Андан соң президент Садыр Жапаров дипломатиялык өкүлчүлүктүн жамааты менен эстеликке сүрөткө түштү.