Сеулдагы жаңы имарат: Кореядагы элчилик бюджетти кантип үнөмдөөдө?

Саясат 17 сентябрь 2026 16:50
813733743_1676.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
814310179_1676.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
813525470_1676.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
813361300_1676.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
813733743_1676.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
814310179_1676.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
813525470_1676.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
813361300_1676.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин жаңы менчик имаратына барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.

Буга чейин ижарага алынган имаратта турган элчилик үчүн 2025-жылдын апрелинде Сеулдун борборунан имарат сатып алынган.

Бул кадам мамлекеттик казынага кеткен чыгымдарды кыскартып, жарандарга кызмат көрсөтүүгө ыңгайлуу шарт түздү.

Мамлекет башчысы иш бөлмөлөрүн, консулдук бөлүмдү жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү залдарын көрүп чыгып, Кореянын борборунан менчикке имарат сатып алуу Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын чет өлкөлөрдөгү статусун жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуудагы маанилүү кадам экенин айтты. Андан соң президент Садыр Жапаров дипломатиялык өкүлчүлүктүн жамааты менен эстеликке сүрөткө түштү.

Эске салсак, жаңы имарат Сеул шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашып, негизги метро жана автобус багыттарына жакын болгондуктан элчиликке жетүү кыйла жеңилдейт.