Бишкек, 20.09.26. /Кабар/. Кыргызстан өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ишкердик байланыштарды чыңдоого жана АКШдан келген инвесторлорго көмөк көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Юта штатынын губернатору Спенсер Кокс жана Сенатынын президенти Стюарт Адамс менен жолугушууда билдирди.
Солт-Лейк-Сити шаарындагы Капитолий имаратында өткөн жолугушууда тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын келечегин, ошондой эле Кыргызстан менен Юта штатынын ортосундагы экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Кыргызстан менен Юта штатынын потенциалын эске алуу менен тоо-кен өнөр жайы, туризм, спорт, маалыматтык технологиялар, финансы жана инфраструктураны өнүктүрүү багыттарындагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Садыр Жапаров маектештерине акыркы жылдары Кыргызстанда жетишилген ийгиликтер жана өлкө боюнча ишке ашырылып жаткан ири масштабдуу долбоорлор тууралуу айтып берди.