Садыр Жапаров: Курулуш тармагында тартип болушу керек

Президент 2859 23 Январь 2026 17:47
DOS_6851.JPG
DST_0147.JPG
DST_0175.JPG
DST_0213.JPG
DST_0230.JPG
DST_0298.JPG
DST_0340.JPG
DST_0414.JPG
DST_0426.JPG
DST_0458.JPG
DST_0459.JPG
DST_0494.JPG
DST_0506.JPG
DST_0589.JPG
DST_0590.JPG
DST_0828.JPG
DST_0829.JPG
Алдыга
Артка
DOS_6851.JPG
DST_0147.JPG
DST_0175.JPG
DST_0213.JPG
DST_0230.JPG
DST_0298.JPG
DST_0340.JPG
DST_0414.JPG
DST_0426.JPG
DST_0458.JPG
DST_0459.JPG
DST_0494.JPG
DST_0506.JPG
DST_0589.JPG
DST_0590.JPG
DST_0828.JPG
DST_0829.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-январда өлкөнүн ири курулуш компанияларынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Талкуунун жүрүшүндө куруучулардын милдеттенмелерин аткарууларына, ошондой эле курулуш тармагын тескеген ченемдик укуктук базадагы карама-каршылыктарды жоюу жана аны өркүндөтүүгө байланыштуу көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.

Мамлекет башчысы курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге тийиштүү тапшырмаларды берди.

Президент курулуш компанияларынын ак ниеттүүлүк менен иш алып баруусуна өзгөчө көңүл бурду. Ал куруучулардын ачык-айкын жана таза иштеши керектигин баса белгилеп, жарандардын алдындагы милдеттенмелерди бузууга жол берилбестигин айтты. Айрым компаниялардын мыйзам бузуулар менен коштолгон ишмердүүлүгү боюнча мисалдар келтирилди.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров шаар мэрине жана курулуш министрине келип чыккан маселелер топтолуп кетпей, өз убагында чечилип турушу үчүн мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүүнү тапшырды.