Караколдун автопаркы жаңыланды: Президент жаңы техникалар менен таанышты

Президент 1068 01 Июль 2026 14:50
735799366_1527895035702608_4899398197979762886_n.jpg
729374412_1553312116231344_7983499778243205785_n.jpg
730437002_1720800882388487_241505732741885513_n.jpg
733233112_1336945335082490_4612797009812931967_n.jpg
733685017_1818669309517434_4940894406697038816_n.jpg
733726854_1762307068132454_7215091674605088023_n.jpg
734152606_3472950762864799_3747789343591225199_n.jpg
734384553_1914788169909096_6234135093664358738_n.jpg
734644831_1493048168729874_5082832589372764293_n.jpg
735205324_2081266956080751_2032192294903501213_n.jpg
735483075_27038262889206566_4276944444265555268_n.jpg
735734943_1530323515303368_8461357470816425604_n.jpg
735786479_1777167120308227_1261902103868861757_n.jpg
735831750_1021127537316770_8099079218782795480_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын жол, курулуш жана коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө арналган атайын техникалар менен таанышты.

Бул техникалар унаа жолдорун куруу жана оңдоо, инфраструктуралык объектилерди куруу, коммуналдык иштерди жүргүзүү, шаарды көрктөндүрүү, ошондой эле атайын жана авариялык-куткаруу иштерин аткарууда колдонулат.

Президентке шаар ичиндеги жана эл аралык каттамдарды тейлөө үчүн алынган жаңы жүргүнчүлүк автобустар да көрсөтүлдү.

Учурда Каракол шаарында Каракол – Бишкек жана Каракол – Алматы багыттары боюнча каттаган 10 автобус пайдаланылууда. Мындан ары Кыргызстандын облустук борборлоруна, ошондой эле Астана жана Ташкент шаарларына туруктуу каттамдарды ачуу мерчемделип жатат.

Мындан тышкары, шаар ичиндеги каттамдарды тейлөө үчүн 18 автобус сатылып алынган. Жакынкы убакта дагы эки электробустун келиши күтүлүүдө. Бул автотехникалардын бардыгы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатылып алынган.

Жыл соңуна чейин демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен дагы 75 автобус сатып алуу пландалууда. Натыйжада автобустар паркы Каракол шаарынын 60 автобуска болгон муктаждыгын толук камсыздап, ошондой эле шаар четиндеги конуштар жана жакынкы айылдар менен транспорттук байланышты уюштурууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул максатта дагы 45 автобусту каттамга киргизүү пландалып жатат.

Белгиленгендей, бардык автобустар заманбап талаптарга жооп берип, видеокөзөмөл системалары, GPS-трекерлер жана кондиционерлер менен жабдылган.

Президентке жүргүнчүлүк автобустар, автокран, фронталдык жүктөгүчтөр, жол таптагыч, дөңгөлөктүү экскаваторлор, асфальт төшөөчү техника, автогрейдер, экскаватор-жүктөгүчтөр, таштанды ташуучу унаалар, суу ташуучу унаалар, ар кандай жүк көтөрүмдүүлүктөгү кран-манипуляторлор, автобетон аралаштыргычтар, ассенизатордук унаалар, жүк-жүргүнчүлүк өзү төгүүчү, жууп-тазалоочу атайын унаалар жана эвакуаторлор көрсөтүлдү.

Белгиленгендей, заманбап атайын техникаларды колдонуу курулуш, жол оңдоо жана коммуналдык иштердин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга, муниципалдык кызматтардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча милдеттерди өз убагында аткарууга шарт түзөт.

Ошону менен катар техникаларды көрүү учурунда мамлекет башчысына жеткирилген атайын техникалардын айрымдары, анын ичинде таштанды ташуучу унаалар, суу ташуучу унаалар жана эвакуаторлор зарыл болгон техникалык талаптарга жооп бербей турганы маалымдалды. Айрым техникаларда кайрадан сырдалган жерлер, кол менен ширетилген тетиктер жана башка өндүрүштүк кемчиликтер аныкталганы белгиленди.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров тиешелүү жооптуу кызматкерлерге жеткирүүчүлөргө карата зарыл чараларды көрүүнү, бекитилген техникалык талаптарга толук жооп берген жана заводдук шартта чыгарылган техникаларды жеткирүүнү камсыз кылууну, ошондой эле кабыл алынган продукциянын сапатына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.