Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

17 июнь 2025 10:41
507657614_1259173202883978_5810875583724598672_n (1).jpg
508900647_1259173309550634_8712742484078454228_n.jpg
508600171_1259173229550642_749803990599342660_n.jpg
507120332_1259173112883987_7930550882959762007_n.jpg
506844786_1259173299550635_7978094738985171574_n.jpg
507726557_1259173009550664_746958267421325423_n.jpg
508699546_1259173122883986_1301530657455430402_n.jpg
508555750_1259172999550665_9035977660928353742_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда “Борбор Азия - Кытай” экинчи саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына келди.

Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кытайдын мамлекеттик туулары илинди, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Эске сала кетсек, саммиттин ишине Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын төрагасынын катышуусу пландалууда.

Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында ошондой эле КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу өткөрөт.