Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент 1629 31 Март 2025 10:45
DOS_6993.jpg
DOS_6877.jpg
Алдыга
Артка
DOS_6993.jpg
DOS_6877.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Худжанд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Тараптар жетишилген макулдашуулар кыргыз-тажик мамилелеринин жаңы этабын белгилеп, туруктуу тынчтык, экономикалык өнүгүү жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулукту чыңдоо үчүн бекем пайдубал түзөөрүнө ишеним билдиришти.