Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 21-декабрда Россияга болгон иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.
Жыйында ЕАЭБдин ишмердүүлүгүнүн негизги маселелери талкууланып, интеграцияны тереңдетүүнүн мындан аркы багыттары аныкталды.
Садыр Жапаров өтүп бара жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, биргелешкен аракеттер менен Бирлик аны туруктуу жана уюшкандыкта өткөргөнүн баса белгилеп, 2025-жыл Бирликтин өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү иш-чараларга бай болгонун: Бирликтин экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга, ички рынокту чыңдоого жана кооперациялык байланыштарды өнүктүрүүгө жетишилгенин айтты.
“Биздин Бирликтин алкагындагы экономикалык кызматташтык жөн гана өнүгүп жаткан жок – ал күч алууда. Өз ара соода жүгүртүү дээрлик 100 млрд АКШ долларына жетти жана бул жөн гана сандар эмес. Бул – ишенимдин, өз ара колдоонун жана өлкөлөрүбүздүн бири-бирине болгон чыныгы кызыгуусунун көрсөткүчү”, - деди мамлекет башчысы жана өз ара соодада толук кандуу ишке ашырыла элек чоң потенциал бар экенин белгиледи.
Ал бул үчүн жалпы соода жүгүртүүдөгү өз ара сооданын үлүшүн көбөйтүүгө багытталган натыйжалуу чараларды даярдоо жана ишке ашыруу зарылдыгына токтолду.
Садыр Жапаров тоскоолдуктар жана чыгымдар канчалык аз болсо, Бирлик ошончолук туруктуу жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү ошончолук жогору болорун өзгөчө белгиледи.
“Мүчө-мамлекеттер улуттук деңгээлде чечим кабыл алууда сооданын ачык-айкын, туруктуу жана болжолдуу шарттарын камсыз кылуу зарылдыгын толук эске алышы керектигин маанилүү деп эсептейм”, - деди президент.