Садыр Жапаров "Борбор Азия - Европа биримдиги" саммитине катышуу үчүн Самаркандга келди

Президент 1595 03 Апрель 2025 16:22
487506415_9588074307905826_68.max-1920x1080.format-webp.webp
488621793_9588073857905871_67.max-1920x1080.format-webp.webp
487508946_9588074771239113_20.max-1920x1080.format-webp.webp
487677048_9588073801239210_51.max-1920x1080.format-webp.webp
488644088_9588074224572501_62.max-1920x1080.format-webp.webp
488544608_9588073811239209_53.max-1920x1080.format-webp.webp
488620904_9588074827905774_52.max-1920x1080.format-webp.webp
488535831_9588075074572416_47.max-1920x1080.format-webp.webp
488621265_9588074794572444_16.max-1920x1080.format-webp.webp
487483912_9588074271239163_46.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, "Борбор Азия - Европа биримдиги" саммитине катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчынын учагы Самарканддын аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия жана Европа бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик туулары илинип, учактын алдына килем төшөлүп, Ардак кароол ротасы тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, бүгүн мамлекет башчысы Европа биримдигинин президенти Антониу Кошта жана Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен менен жолугушат. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен расмий жолугушуусу болот.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа бирлиги жана Өзбекстан менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташуусунун маселелери талкууланат.

Садыр Жапаров 4-апрелде «Борбор Азия - Европа бирлиги» саммитине катышат жана «Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү» эл аралык форумунда сөз сүйлөйт.

Саммиттин жана эл аралык климаттык форумдун жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтерди кабыл алуу күтүлүүдө», - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.