Садыр Жапаров: Биздин максат — ар бир мекендешти үй менен камсыз кылуу

Президент 2278 12 Январь 2026 14:14
DOS_4833.JPG
DOS_5813.JPG
DOS_6319.JPG
DOS_4821.JPG
DOS_4822.JPG
DOS_4832.JPG
DOS_4834.JPG
DOS_4835.JPG
DOS_4836.JPG
DOS_4837.JPG
DOS_4838.JPG
DOS_4839.JPG
DOS_4840.JPG
DOS_4945.JPG
DOS_5197.JPG
DOS_5246.JPG
DOS_5269.JPG
DOS_5316.JPG
DOS_5346.JPG
DOS_5380.JPG
DOS_5552.JPG
DOS_5553.JPG
DOS_5605.JPG
DOS_5809.JPG
DOS_5810.JPG
DOS_5811.JPG
DOS_5812.JPG
DOS_5816.JPG
DOS_5960.JPG
Алдыга
Артка
DOS_4833.JPG
DOS_5813.JPG
DOS_6319.JPG
DOS_4821.JPG
DOS_4822.JPG
DOS_4832.JPG
DOS_4834.JPG
DOS_4835.JPG
DOS_4836.JPG
DOS_4837.JPG
DOS_4838.JPG
DOS_4839.JPG
DOS_4840.JPG
DOS_4945.JPG
DOS_5197.JPG
DOS_5246.JPG
DOS_5269.JPG
DOS_5316.JPG
DOS_5346.JPG
DOS_5380.JPG
DOS_5552.JPG
DOS_5553.JPG
DOS_5605.JPG
DOS_5809.JPG
DOS_5810.JPG
DOS_5811.JPG
DOS_5812.JPG
DOS_5816.JPG
DOS_5960.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.01.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-январда Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексин куруунун экинчи этабынын алкагында ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.

Мамлекет башчысы жарандарды үйлүү болушу менен куттуктап, жаңы жыл жалпы эл үчүн бакубатчылыктын жана туруктуу өнүгүүнүн жылы болушун, коюлган максаттар менен милдеттер ырааттуу ишке ашырылышын каалады. Анын ичинде мамлекеттин жарандардын турмуш шартын жакшыртууга багытталган иш-аракеттери да бар.

Бул контекстте кыргызстандыктарды турак жай менен камсыз кылуу – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берет. “Мурас” турак жай комплекси 39 блоктон турат, анын 19у аяктады. Бул ирет 1080 батирдин ачкычы тапшырылды. Буга чейин 986 батир берилген.

Учурда дагы 2688 батирдин курулушу жигердүү жүрүп жатат, алар белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт. Комплекстин аймагында ошондой эле балдар бакчасы, мектеп, паркинг жана башка социалдык объектилер жайгашат.

“Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган аталган комплекстеги кезектеги батирлердин берилиши өлкөбүздөгү турак жай саясатынын туура багытта ырааттуу ишке ашырылып жатканынын далили деп ишенимдүү айта алабыз”, - деди президент Садыр Жапаров жана 10 млн сомдук уставдык капитал менен 10 жыл мурда ачылган Мамлекеттик ипотекалык компания учурда уставдык капиталын 87 млрд сомго жеткирип, келечекте 200 млрд сомго чыгаруу максатын койгонун эске салды.

Ал 2025-жылы мекеме 4 662 үй-бүлөнү турак жайлуу кылып, 2024-жылга караганда 4 эсеге көп батир бере алганын кошумчалады. МИК түзүлгөндөн тарта жалпы 14 945 үй-бүлө үйлүү болду.

Мамлекет башчысы азыркы учурда өлкө боюнча 80 245 ипотекалык батирдин курулушу кызуу жүрүп жатканын белгиледи. Жыл соңуна чейин Бишкек, Ош, Манас, Токмок, Кара-Балта, Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Нарын, Талас жана Баткен шаарларында, ошондой эле Нарын облусундагы Кочкор, Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашуун батир курулуп, жарандарыбызга берилмекчи.

Жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө сөз кылып жатып, президент Садыр Жапаров коомдо ипотекалык батирлердин баасы тууралуу айтылып жаткан сөздөргө басым жасады. Ал МИК өлкөбүздөгү “өз үйүм – өлөң төшөгүм” болсо деп кыялданган бардык мекендештерди үйлүү-жайлуу кылуу үчүн ишмердүүлүгүн так анализ, туура эсептөөлөр менен алып барарын белгиледи.

“Компания батирлерди турак жай программасынын кезегинде турган жарандарга алдын ала төлөмү жок 25 жылга 4 жана 8 пайыз менен берип жатканын жакшы билесиздер. Бул керек болсо өлкөдөгү инфляция денгээлинен да төмөн.

Мисалы, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жеке компанияларга турак жай куруп, бир чарчы метрин 700 доллардан "под ключ" кылып тапшырууга тапшырма бердик. Курулуш бүткөндөн кийин алар бул батирлерди Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп беришет.

Дал ушул баада биз бул үйлөрдү сатып алабыз. Өз кезегинде, Мамлекеттик ипотекалык компания 250 доллар кошуп, турак жайды чарчы метрин 950 доллардан сатат.

Туура түшүнүңүздөр, Мамлекеттик ипотекалык компания батирлерди 25 жылга бергендиктен, бул 250 доллар бүткүл бул мезгилдеги инфляцияны жаппайт, андан тышкары - инфляциялык жоготуулардын жарымын да жаппайт. Ага карабастан, биз жарандар үчүн жеңилдиктерди түзүү максатында ушундай шарттарга макулбуз.

Эгерде жеке жактардан алсаңар, чарчы метри жок дегенде 1500 доллар турмак”, - деди президент.

Ал курулуш материалдарынын наркынын өсүшүн, куруучулардын эмгек акысын, инфраструктуранын өнүгүшүн, насостук станцияларды жана тазалоочу курулмаларды курууну эске алуу зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы бул факторлордун баары долбоорлордун наркына киргизилип, натыйжада бир чарчы метр үчүн экономикалык жактан негизделген жана акылга сыярлык баа түзүлөрүн кошумчалады.

Президент ошондой эле келечекте ипотекалык компания өз алдынча каржылоого өтүп, өлкөнүн турак жай фондун кеңейтүүнү пландаштырып жатканын кошумчалады.

“Быйыл биз МИКке мамлекеттик бюджеттен акыркы жолу 500 млн доллардын тегерегинде каражат бөлөбүз. Кийинки жылдан баштап ипотекалык компания бюджеттик каражат албайт. Өзүнүн 200 млрд сомго чыгарып алган капиталы менен МИК 5-10 жыл эмес, 50-100 жыл бою элди турак үй менен камсыз кыла алат”, - деди мамлекет башчысы жана жарандарды ипотекалык батирлердин баа саясатына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Өлкө башчысы белгилегендей, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкы максаты – турак жайга муктаж болгон жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу.

Андан соң президент Садыр Жапаров батирлердин ачкычын тапшырып, батирлерди көрүп чыкты. Андан кийин жашоочулар менен баарлашты, алар ага жарандарды турак жай менен камсыз кылуу маселелерине көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдиришти. Президент мамлекет мындан ары да заманбап, коопсуз, сапаттуу жана жеткиликтүү үйлөрдү курууга күч жумшай турганын баса белгиледи.