Президент: Акыркы төрт жылда Кыргызстандын ЕБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 2,4 эсеге өстү

Президент 3597 04 Апрель 2025 14:45
photo_2024-06-26_05-29-03.max-1920x1080.format-webp.webp
488621413_9593776997335557_27_knoB4A3.max-1920x1080.format-webp.webp
487947605_9593777067335550_26_yMgKD4z.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
photo_2024-06-26_05-29-03.max-1920x1080.format-webp.webp
488621413_9593776997335557_27_knoB4A3.max-1920x1080.format-webp.webp
487947605_9593777067335550_26_yMgKD4z.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Акыркы төрт жылда Кыргызстандын Европа биримдигинин өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 2,4 эсеге, анын ичинде импорт – 2,6 эсеге, экспорт – 1,5 эсеге өстү, деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан «Борбор Азия – Европа биримдиги» биринчи саммитинин жыйынында.

Мындай ийгиликтер рыноктордун ачыктыгынын жана «Преференциялардын жалпы системасы плюс» демилгесинин аркасында мүмкүн болду, ал Кыргызстандан чыккан товарлардын Европа бирлигине мүчө болгон 27 өлкөнүн рыногуна кирүүсүн камсыздайт», - деди Садыр Жапаров.

Ал Кыргызстандын стратегиялык географиялык абалы жана анын өсүп жаткан транзиттик дарамети соода жана инвестициялар үчүн кеңири перспективаларды ачаарына басым жасап, европалык бизнести бул долбоорлорго өз ара пайдалуу негизде активдүү катышууга чакырды.