Саамалдын сезону башталды. Табигый дарыга чет элдик туристтердин кызыгуусу өсүүдө

Коом Загрузка... 15 Май 2025 13:52
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 15.05.2025. /Кабар/. Кыргызстанда саамалдын сезону башталды. Бул байыртан бери келе жаткан кыргыздын улуттук элдик дарылоо ыкмаларынын бири. Бул максатты көздөгөндөрдүн ичинде жергиликтүү элден сырткары, республикага дүйнөнүн ар тарабынан келип, саамал сүтүн даамдап көргөнү каалаган туристтер да көп.

Саамал сезону май айынан баштап июнь айына чейин созулат. Бул убакта бээлер күнүнө бир нече жолу саалып, дарыгерлер жана диетологдор саамалды өлчөм менен, ач карын ичүүнү сунушташат. Бээнин сүтүнүн дарылык касиети мол болгондуктан, ага болгон суроо-таалап да жогору. Мындан улам бул багытта кызмат көрсөткөн жайларды алдын-ала орун брондоп коюшат. Ушундай эс алуу жайларынын бири Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Чий айылында жайгашкан.

Бул жайда Эсенбек Токтомамбетов саамал аркылуу элдик профилактикалык дарылоо менен алектенет.

Ал 1980-жылдан бери мал чарбачылыгы менен алектенип келет. Чарбасында 3 үйүр жылкы, майда жана ири мүйүздүү мал жандыгы бар. Мындан улам ал бээнин сүтү менен дарылоого кызыгып, учурда Ак-Чийдеде өзүнө таандык жайда туристтерге жана тургундарга саамал сүтүн ичирүү кызматын көрсөтөт.

Анын айтымында, быйыл саамал сезону жаандын көп байланыштуу тоюм көп болуп, өз убагында башталды.

Бээнин сүтүнүн кандай пайдалуу касиеттери бар?

  • Бээнин сүтү А, С, Е, В тобундагы витаминдерге, кальций, калий, фосфор аттуу минералдарга жана организмге инфекция менен күрөшүүгө жана иммундук системаны бекемдөөгө жардам берүүчү ферменттерге бай. Саамал организмге оңой сиңгендиктен, ичегилердин микрофлорасына жакшы таасирин тийгизип, гастрит, жара жана башка ичеги-карын ооруларына жардам берет.

Кайсы өлкөнүн туристтери бээнин сүтүн ичиш үчүн көп келишет?

  • Жалпысынан ар кайсы өлкөлөрдөн эле туристтер келет. Бирок, бээнин сүтүн даамдап көргөнү эң көп каалагандар, Россия, Казактан, Корея, Өзбекстан, Япония өлкөлөрүнөн туруктуу келишет. Алар көбүнчө 10-20 күндөп саамал ичишет.

Бээнин сүтү менен дарылоо элдик ыкма болгондуктан, ичүүдөн мурда сөзсүз түрдө дарыгердин уруксаты менен ичүү абзел.

Биринчи жолу ичкенде организм көнбөй, көп учурда ич ооруган учурлар кездешет. Ошондуктан, саамал ичээрде алгач 30 граммдан баштап, ашказанды акырындык менен көндүрүү зарыл.

Модубашева Айчүрөк, "Кабар" маалымат агенттиги