Чолпон-Ата, 05.09.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий-этнографиялык комплексинде “Көчмөн шаңы” аттуу концерттик программасы тартууланууда.
Иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп, анда “Нарк өнөр” мектебинин тарбиялануучулары музыкалык жана чыгармачылык номерлерин тартуулашууда.
Концертти чет өлкөлөрдөн келген коноктор да кызыгуу менен көрүп жатышат.
Белгилей кетсек, “Рух Ордо” комплексиндеги маданий иш-чаралар “Көчмөндөр санаты” эл аралык салттуу музыка фестивалынын алкагында өтүүдө.
Бүгүн кечинде аталган фестиваль расмий түрдө жабылат.
Эскертке кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.