Руслан Мукамбетов: Аскердик кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча ачык жана конструктивдүү пикир алмашуу болду

28 май 2025 12:12
IMG-20250528-W.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG-20250528-W_3lT7kdq.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG-20250528-W_CcJqwfB.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
IMG-20250528-W.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG-20250528-W_3lT7kdq.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG-20250528-W_CcJqwfB.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Бишкек, 28.05.25./Кабар/. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынынын алкагында аскердик кызматташуунун эң актуалдуу маселелери боюнча ачык жана конструктивдүү пикир алмашуу болду. Бул тууралуу жыйында коргоо министри Руслан Мукамбетов билдирди.

Коргоо министри Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтүп жаткан ЖККУнун Коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын катышуучулары менен дагы бир жолу учурашып, ыраазычылыгын айтты.

“Мен ЖККУнун Коргоо министрлеринин кеңешинин мүчөлөрүнө аскердик кызматташуунун эң актуалдуу маселелери боюнча тар чөйрөдө ачык жана конструктивдүү пикир алмашуу үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдиргим келет”, - деди ал.

Ошондой эле министр кесиптештерин ЖККУнун Коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына байланыштуу документтерди кароого өтүүгө чакырды.