Бишкек 21.07.25. /Кабар/. Кыргызстандын Черногориядагы элчиси Руслан Казакбаев Черногориянын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Черногориянын ортосундагы достук мамилелердин учурдагы абалы жана саясий, соода-экономикалык, илимий-билим берүү тармактарындагы өнүгүү перспективалары, ошондой эле эл аралык аянтчалардагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Экономикалык дипломатия маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Эки тараптуу Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссия түзүү жана ишкер өкүлдөрдүн бизнес-миссияларын уюштуруу маселелери каралды.
Ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, атап айтканда, парламенттер аралык достук топторду түзүү жана жогорку жана эң жогору деңгээлдеги өз ара визиттерди уюштуруу маселелери талкууланды.
Эрвин Ибрагимовичке Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин атынан Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакыруу каты тапшырылды.
Эки өлкөнүн ортосунда келишим-укуктук базаны кеңейтүү максатында Черногория тарапка экономика, билим берүү, туризм, маданият жана саламаттык сактоо тармактарындагы эки тараптуу келишимдердин долбоорлору тапшырылды.