Румыниянын мурдагы президенти Ион Илиеску каза болду

Дүйнө 6 август 2025 09:55
Румыниянын мурдагы президенти Ион Илиеску каза болду
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.08.25 /Кабар/. Румыниянын мурдагы президенти Ион Илиеску 95 жаш курагында каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтүнө таянып, Коммерсант агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, ал профессор Агриппа Ионеску атындагы тез жардам клиникалык ооруканасында көз жумган.

Июнь айынан бери ага өпкө рагы диагнозу коюлуп, реанимацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жаткан. Дарыгерлер ага керектүү дарылоо жана кам көрүү үчүн болгон аракетин жумшашкан.

Ион Илиеску Румынияны 1990–1996чы жана 2000–2004-жылдары башкарган.