Рубль сомго теңелди - валюталар курсу

Экономика Загрузка... 26 Февраль 2025 11:50
dc3ce661_0083_4700_.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы 26-февралга карата валюталар курсу боюнча жаңыланган маалыматты жарыялады.

Ага ылайык, доллар арзандап, рубль тескерисинче кымбаттады.

Алсак:

доллар (USD) — 87,44 сом;
евро (EUR) — 91,56 сом;
рубль (RUB) — 0, 99 тыйын;
теңге (KZT): — 0,17 тыйын;
юань (CNY) — 12,03 сомду түзүүдө.
Коммерциялык банктарда доллар 87,32 сомдон сатып алынып, 87,80 сомдон сатылууда, ал эми рубль орточо 1 сомдон сатып алынып, 1,03 сомдон сатылууда.