Роза Нисоновна Вендрова — кыргыз шахматынын легендасы, Кыргызстандын 12 жолку чемпиону, спорт чебери жана өмүрүн шахматка арнаган машыктыруучу. Анын мууну согушту, көчмөн турмушту жана оор сыноолорду башынан өткөрүп, ошол эле учурда руханий күчүн, маданияттуулугун жана жашоого болгон сүйүүсүн сактап кала алышкан. КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Ч. Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форумунун вице-президенти, ASSOL кайрымдуулук фондунун президенти Ассоль Молдокматова аны менен согуш жылдарынын жашоого кандай таасир тийгизгендиги тууралуу маектешти.
— Роза Нисоновна, согуштун башталышы сиздин жашооңуздагы өтө татаал мезгилге туш келди. Ал күндөрдөн эмнелер эсиңизде калды?
— Мен бала кезимде апам менен Симферополго эс алууга баргам. Так ошол убакта согуш башталды. Албетте, ал кезде мен болуп жаткан окуялардын масштабын толук түшүнө элек болчумун, бирок чоңдордун кооптонуусу, коркуусу жана элдин баш аламандыгы эсимде калыптыр. Баары бир заматта өзгөрүп кетти. Андан кийин көчүп-конуулар башталды. Үй-бүлөбүз менен Казакстанга көчүүгө туура келди. Ал убакыт абдан оор эле: туруксуздук, турмуштун кыйынчылыгы, эң керектүү нерселердин жетишпестиги. Бирок, адамдар анда бири-бирин колдоп, бирге болууну билишчү. Казакстандагы кичинекей шаарчада биз, кичинекей балдар, кенге барып чоңдорго жардам бергенибиз эсимде. Согуш тандоо мүмкүнчүлүгүн калтырган жок — жашына карабай баары эмгектеништи.
Ал кезде балалыгыбыз таптакыр башкача өттү. Биз абдан эрте чоңоюп, жоопкерчиликти түшүндүк жана пайдабызды тийгизгенге аракет кылдык. Эч ким даттанчу эмес, анткени баары бирдей кайгы жана үмүт — тезирээк тынчтык келсе экен деген тилек менен жашашчу. Кийинчерээк тагдыр бизди Фрунзеге алып келди. Туура ушул жерден менин жашоомдун жаңы барагы — окуу, эс тартуу, кийинчерээк шахмат башталды. Бул көчүүлөр, сыноолор жана согуш мезгилинин абалы мүнөзүмдү абдан курчутту. Мен өскөн муун нандын, тынчтыктын, адамдык колдоонун жана ички туруктуулуктун баасын эрте түшүнүп калды.
— Согуш учурунан эң көп эмне эсиңизде калды?
— Баарынан мурда — күтүү жана кооптонуу абалы. Адамдар абдан жупуну жашашчу, көп нерсе жетишпейт эле, бирок ошого карабастан алар таң калаарлыктай ак көңүл болушкан. Бири-бирине жардам берип, акыркы наны менен бөлүшүп, кошуналарын, жакындарын колдоп турушчу. Согуш балдары абдан эрте чоңоюшту. Биз энелердин көз жашын, чоңдордун чарчоосун, фронттон кат күткөн зарыгууну көрүп өстүк. Бирок, дал ушул муун тынчтыкты, нанды, адамдык жылуулукту жана жашоонун жөнөкөй кубанычтарын баалаганды үйрөндү.
— Үй-бүлөңүздүн көчүп-конуусу жана кыйынчылыктары тууралуу айтып берсеңиз. Бул сиздин мүнөзүңүзгө канчалык таасирин тийгизди?
— Абдан чоң таасирин тийгизди. Туруксуздук жана белгисиздик адамды чыңалтат. Кыйынчылыктарды башыңдан өткөргөндө, жашоого башкача көз караш карап баштайсың. Биздин муун кыйынчылыктан коркчу эмес. Биз эмне болсо да күрөшүүгө жана алдыга умтулууга көнгөнбүз.
— Кандай ойлойсуз, эмне үчүн дал сиздин муун ушунчалык чыдамкай болуп чыкты?
— Анткени бизди бала кезибизден жашоонун өзү тарбиялады. Биз эмгек, жоопкерчилик жана өз ара жардамдашуу деген эмне экенин абдан эрте түшүндүк. Бизде алсыз болууга мүмкүнчүлүк жок эле. Бирок, ошол эле учурда бизди адамдарга болгон сый-урматка, жөнөкөйлүккө жана каниет кылууга үйрөтүштү. Менимче, дал ушул нерсе биздин муунду тереңинен күчтүү кылды.
— Согуш сиздин курактагы адамдарды кантип өзгөрттү?
— Согуш бизди ачык асман, нан, жакындарыңдын жанында болуу сыяктуу жөнөкөй нерселерди баалоого үйрөттү. Адамдар адамгерчиликтүүлүк менен мамиле кылышып, бири-бирине көңүл бура башташты. Ал эми бүгүнкү күндө дүйнө бардык жагынан ыңгайлуу болгону менен тилекке каршы, кээде адамдар кайдыгер жана мерез болуп бараткандай.
— Жашооңузда сизге өзгөчө таасир берген адам болдубу?
— Албетте, апам. Ал замандын айымдары укмуштуудай күчтүү болушкан. Чарчаганына, кыйынчылыктарга, коркуу сезимине карабай алар балдарын багып, үй-бүлөсүн колдоп, үйдүн жылуулугун, кутун сактап кала алышты. Мен согуш мезгилинин аялдары ошол убактагы адамгерчиликти сактап калышкан деп дайыма айтам.
— Эң оор учурларда сизге шыктанууга эмне жардам берди?
— Үмүт жана жанымдагы адамдар. Ал кезде бири-бирин колдоо сезими абдан күчтүү болчу. Адамдар кыйынчылыкта бирге боло билишчү. Анан дагы бизди эмгек сактап калды. Биздин муун бала кезинен эмгекке көнгөн. Эмгек адамды тартипке салып, ичтен сынып калууга жол бербейт.