Россиянын Рязань облусунда өрттөн 14 адам көз жумду

Дүйнө Загрузка... 18 Август 2025 09:00
74477657-4911-4c16-9fdd-f5a05d80565a.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.08.25. /Кабар/. Россиянын Рязань облусунда өрттүн кесепетинен 14 адам көз жумду. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.

Маалыматка караганда, Рязань облусунун Шиловский районундагы Лесной айылындагы ишканада өрт чыккан.

Кырсыкта 149 адам жабыркап, алардын 14ү каза болду.

Учурда Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери өрттөн кийинки урандыларды тазалоо иштерин улантууда. Окуя болгон жерде психологдор тынымсыз иштеп жатканы айтылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери каза тапкандардын өздүгүн тактоо иштерине катышууда.

Рязань облусунун оперативдүү штабынын маалыматы боюнча, жаракат алгандардын ичинен 32 адам ооруканага жаткырылды. Алардын 17си Москвадагы федералдык борборлорго жөнөтүлгөн, 15 адам Рязандагы медициналык мекемеде. Калгандарына амбулатордук медициналык жардам көрсөтүлгөн.

15-августта Лесной айылындагы ишканада чыккан өрттүн кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана Улуттук гвардиядан 360ка жакын адис жана 90дон ашык техника тартылган.

Рязань облусунун губернаторунун буйругу менен 15-августта Шиловский муниципалдык округуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Ошондой эле облус башчысынын буйругу менен 18-август Рязань облусундагы каргашалуу окуяга байланыштуу аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Өрт фактысы боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылмыш иши козголду.