Россияда компаниялардын 25%ы алдамчылыкка байланыштуу жоготууга учураган

Дүйнө Загрузка... 02 Июль 2025 16:35
2004056311_0_146_3072_1874_1920x0_80_0_0_8949cf9167e267216f2d824d61a34675.jpg.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Россиядагы компаниялардын 25 пайызы фрод — алдамчылык трафиги себеп болгон түз финансылык жоготууларга туш болгон. Бул тууралуу санариптик коммуникация кызматтарын көрсөтүүчү Edna компаниясынын изилдөөсүнө таянып, РИА Новости жазып чыкты.

Компаниялардын дагы 18 пайызы фроддун айынан күнүмдүк чыгымдары көбөйгөнүн айтышкан. Edna аналитиктеринин айтымында, алдамчылык трафик маалыматтарды бурмалап, жарнаманын натыйжалуулугун туура баалоого тоскоол болот. Натыйжада, каражаттар туура эмес бөлүнүп, жыйынтык төмөндөйт.

Сурамжылоого катышкан компаниялардын ар бешинчиси фрод-атакадан кийин иш процесстеринде үзгүлтүктөр болгонун билдиришкен. Колл-борборлорго жалган билдирүүлөрдү алган кардарлар чалып, кызматкерлерге кошумча жүк жараткан.

Сурамжылоого катышкан компаниялардын 12 пайызы кызматкерлерин жоготсо, 14 пайызы репутациясынын начарлашына туш болгон.

Edna компаниясынын эксперти жана бизнес өнөктөшү Кирилл Гречкин билдиргендей, алдамчылар SMS-билдирүүлөрдүн жасалма трафигин жаратышат. Мындай жол менен жарнамалык бюджет тез эле сарпталып калат, бирок чыныгы кардарлар болбойт. Анын айтымында, «компания жалган суроо-талап үчүн акча төлөп, киреше таппай калат». Бул көрүнүш реалдуу катышуу көрсөткүчтөрүн да бурмалап коет.

Аналитиктердин маалыматына караганда, сурамжылоого катышкан респонденттердин 42 пайызы акыркы эки жылда фрод көлөмү өскөнүн белгилешкен. Компаниялардын жарымынан көбү фроддун негизги кесепеттерине түз финансылык жоготууларды, ашыкча чыгымдардын өсүшүн, иш процесстериндеги үзгүлтүктөрдү, кардарларды жоготууну жана репутацияга тийгизген зыянын кошушат.

Изилдөөгө жалпысынан 1 328 адам — ишкерлер, бизнес ээлери жана орто жана чоң компаниялардын жетекчилери катышкан.

Асыл Нурбек кызы