Россияда учак катуу конгондо эки адам каза тапты

Дүйнө Загрузка... 20 Февраль 2025 15:00
WhatsApp Image 2025-02-20 at 11.54.08.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Бүгүн Россиянын Нижний Новгород облусунда жеңил учак катуу конгон учурда эки адам каза болду. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облус боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргенин Известия жазды.

Маалыматка караганда, Кстовский районундагы Новоликеево калктуу пунктуна жакын жерде жеңил учак катуу конуп, күйүп кеткен. Эки адам каза тапкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жеринде өрттү өчүрүүнү улантып жатканы айтылууда.