Россияда кыргызстандыктардан акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби Загрузка... 03 Ноябрь 2025 11:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда Россияда кылмыштуулук менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, мурда оор кылмыштар боюнча кылмыш жообуна тартылган К.Н.К., С.Д.С. жана С.Б.Д. аттуу уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалды.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдардын криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин жакындарынын колдоосуна ээ болушуп, Россияда эмгек миграциясында жүргөн КР жарандарына карата опузалап акча талап кылуу, шантаж жана коркутуу менен алектенишкени аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча аталган адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

УКМК бул адамдардын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылууну суранат: 0(3722) 5-60-49, 0995 01-22-10.