Россияда үйдөн чыккан өрттөн 5 бала каза тапты

Дүйнө Загрузка... 13 Июнь 2025 12:39
WhatsApp Image 2025-06-13 at 12.06.51 PM.jpeg
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 13.06.25 /Кабар/. Бүгүн Москвага жакын айылдардын бириндеги үйдөн өрт чыгып, 5 бала каза тапты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Өрт Орехов-Зуевский шаардык округуна караштуу Курский поселогундагы үйлөрдүн биринен чыккан.

Куткаруучулар келген маалда үйдүн көпчүлүк бөлүгү күйүп, балдардын энеси тирүү калганы айтылат. Ал күйүк жарааттары менен ооруканага жөнөтүлгөн.

Ал эми өрттөн каза тапкан балдар бир айлык, бир жашар, тогуз, он бир жана он жети жаштарда болгон.

Маалыматта өрттү өчүрүүгө 16 адам жана 4 техника тартылганы кошумчаланат.