Россия менен Украина туткундагы жоокерлерин алмашты

Дүйнө Загрузка... 13 Июнь 2025 10:05
WhatsApp Image 2025-06-13 at 9.58.46 AM.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Россия менен Украина туткундагы жоокерлерин алмашты. Бул тууралуу Интерфакс Россиянын Коргоо министрлиги кабарлаганын жазды.

Маалыматка караганда, туткундарды алмашуу 2-июнда Стамбулда жетишилген орус-украин макулдашуусуна ылайык жүргүзүлдү.

Бул ирет туткундагы 25 жашка чейинки аскерлер, жарадарлар жана ооруп жаткандар алмашылды.

Россиянын туткундан чыккан аскерлери учурда Беларуста экени айтылды. Ал жактан аларга психологиялык жана медициналык жардамдар көрсөтүлөрүн, Россияга келгенде медициналык мекемелерде дарыланып, реабилитациядан өтүшөөрү айтылды.

Эске салсак, саналуу күн мурда Россия Украинага 1 212 аскердин сөөгүн берип, кайра 27 аскеринин сөөгүн алган.