Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Россия менен Украина миңден туткунун алмашууга камынууда. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.
Анда белгиленгендей, Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия менен Украинанын ортосундагы алмашуу тез арада болушу үчүн бардык тараптар туткундарды алмашууга кызыкдар экендигин билдирген.
"Бул маселе өтө татаал. Ал жакта белгилүү гана адамдарды алмашуу боюнча иштер жүрүүдө. Миңге миң кылып алмашууга убакыт талап кылынат. Бирок бул иштерди тез бүтүрүүгө аракет жасалат", - деди ал.
Россия менен Украинанын сүйлөшүүсүндө 1000ге 1000 туткунду алмашуу жөнүндө макулдашуу үч жылда биринчи жолу жетишилди. Жолугушуу 16-майда Стамбулда өткөн. Орус делегациясынын жетекчиси Владимир Мединскийдин пикиринде, Москва менен Киев ок атышууну токтотуу жөнүндө өз пикирлерин сунуштамай болду.