Россия менен Кытай медицинада ЖИни колдонууну биргелешип изилдешет

Дүйнө Загрузка... 04 Ноябрь 2025 16:45
aitrends.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Москва менен Пекин медициналык инновациялар жаатында, анын ичинде жасалма интеллектти колдонуу жаатында кызматташууну кеңейтүүгө макулдашышты.

ТАССтын маалыматы боюнча, бул жобо эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын 30-кезектеги жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюникеде камтылган.

Белгиленгендей, телемедицинаны жана жасалма интеллект технологияларын колдонууну кошо алганда, медициналык илим жана инновация жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү" келишимдердин бири болуп саналат.

Москва менен Пекин саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү көздөшөт. Алар инфекциялар жана рак менен күрөшүү, ядролук медицинаны, офтальмологияны, психиатрияны жана башка тармактарды өнүктүрүү жаатында россиялык жана кытайлык адистердин биргелешкен ишин кубатташат. Ошондой эле, алар дары-дармектерди жөнгө салуу жаатында кызматташууну кеңейтүүнү пландаштырууда.