Россия менен АКШнын делегациялары Сауд Аравияда ушул аптада жолугат

Дүйнө Загрузка... 10 Март 2025 15:40
WhatsApp Image 2025-03-10 at 09.23.32.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Россия менен АКШнын делегациялары Сауд Аравияда ушул аптада жолугат. Бул тууралуу CNN телекомпаниясы кабарлаганын ТАСС билдирди.

Маалыматка караганда, жакынкы күндөрү Американын администрациясынын өкүлдөрү россиялык аткаминерлер менен жолугат. Сүйлөшүүгө кимдер катышары азырынча айтыла элек.

АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Сауд Аравияда "түрдүү сүйлөшүүлөр" болорун айткан.

Ушул аптада Украина менен АКШнын өкүлдөрүнүн жолугушуусу да Эр-Рияддагы өткөрүлөрү маалымдалган. Ага АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф жана улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолтц барат. Украинанын делегациясынын курамына Владимир Зеленскийдин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак, тышкы иштер министри Андрей Сибига жана коргоо министри Рустем Умеров киргени белгиленген.