Россия Кытай жарандары үчүн визаны жокко чыгарды

Дүйнө Загрузка... 01 Декабрь 2025 13:53
IMG_9439.webp

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Россия 2026-жылдын 14-сентябрына чейин Кытай жарандары үчүн виза талаптарынан баш тартты. РИА Новости билдиргендей, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин тиешелүү жарлыкка кол койду.

Документте белгиленгендей, өз ара түшүнүшүү принцибине ылайык, кытай жарандары Россияга визасыз кирип, өлкөдө 30 күндөн ашык эмес жүрө алышат. Анда кытай жарандары туризм жана ишкердик максаттарда, ошондой эле илимий, маданий, коомдук-саясий, экономикалык жана спорттук иш-чараларга катышуу үчүн өлкөгө кире ала тургандыгы көрсөтүлгөн. Жарлыкта ошондой эле кытай жаранынын паспорту менен өлкө аркылуу транзит менен Россияга кирүүгө уруксат берилет.

Бирок, документте көрсөтүлгөн кирүү тартиби Россияга жашоо, жумуш, анын ичинде журналисттик иш же билим алуу үчүн келүүнү пландап жаткан жарандарга тиешелүү эмес. 30 күндүк визасыз кирүү эл аралык автомобиль транспортторунун айдоочуларына, экипаж мүчөлөрүнө жана коштоп жүргөн котормочуларга да тиешелүү эмес.

Документ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди.