Россияда чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар үчүн жүрүү эрежелери катаалдашууда. Жаңы кабыл алынган миграциялык эрежелер, талаптар жана башка миграциялык маселелер боюнча “Кабар” агенттиги Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев менен маектешти.

— Россиядагы миграциялык абал жана Россияда жаңы кабыл алынган миграциялык жаңы эреже, талаптар тууралуу кеп кылсак. Ушул тапта канча кыргызстандык Россияда жүрөт?
— Акыркы жылдары Россияда миграциялык талаптар күчөп, ар кандай укуктук чектөөлөр тынымсыз кирип жатканына карабай, Россия кыргызстандыктар көп жүргөн өлкө бойдон калууда. Жарандарыбыздын Россияны көбүрөөк тандаганын себеби - биринчиден тилдик барьер жок, ЕАЭБдин алкагында жеңилдиктер берилген, тактап айтканда, башкалардай патент алышпайт, орус тили жана тарыхы боюнча экзамен беришпейт, эмгекчилерге милдеттүү медициналык камсыздоо берилет жана ушул сыяктуу жеңилдиктер каралган. Жеңилдиктерди бири - Россиянын кээ бир региондорунда пантент менен иштегендерге расмий тыюу салынган, мындан улам, ошол региондордо биздин жарандарыбыздын кызматына көбүрөөк талап бар. Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Россиянын аймагында 377 миң жараныбыз миграциялык каттоого алынган, ал эми жалпысынан Россиянын аймагында 612 миң жараныбыз бар. Байкалгандай миграциялык каттоого алынгандар менен жана эмгек келишим түзгөн жарандар сан жагынан айырмаланып турат. Мындай айырмачылыкты Россия тарап бир жараныбыз эмгек келишимин бузбай туруп, экинчи келишим түзүп алганы же эмгек келишим түзүп, бирок ошол эле учурда Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөндүгү менен түшүндүрүп жатышат.
— Россиянын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргенн соң, мигранттарга болгон чаралар катаалдаганы маалымдалган. Негизинен мигранттарга кандай жаңы талаптар күчүнө кирди?
— Ооба, өзүңүз белгилегендей, акыркы 2-3 жылда Россиянын миграция жаатындагы ондогон мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондон улам жарандарыбыз бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат, аны өзүңүздөр деле, журналист катары, баамдасаңыздар керек. Жаңы миграциялык эрежелердин негизгилерин айта кетсем, мисалы, ушул жылдын 1-январында жана 5-февралында күчүнө кирген мыйзамдар боюнча, чет өлкөлүктөрдүн Россияда жүрүү мөөнөтү мурдагыдай бир календарлык жыл ичинде 180 күн болбой калды, азыр болгону 90 күн гана жүрө алышат. Мындан тышкары, полиция кызматкерлерине кеңири укуктар берилди. Мисалы, мурда чет элдиктерди көчөдөн текшерип, мыйзамсыз жүргөнү аныкталса, өлкөдөн соттун чечими менен гана чыгаруу мүмкүн болчу, азыр соттун чечими жок эле, 48 сааттын ичинде полиция тарабынан (соттун катышуусуз) депортациялоо тууралуу чечим кабыл ала алышат. Россиянын аймагында мыйзам бузуп жүргөндөрдү көзөмөлдөнүүчү жарандардын реестрине киргизип, аларга карата ар кандай чектөөлөр киргизилип жатат, мисалы, банкттык картаны блоктоо, көп суммадагы акча которууга чектөөлөр, ошондой эле, балдарды мектепке киргизүүдө орус тили боюнча тесттен өтүү талабы кирди. Жаңы эрежелерге ылайык, Россиянын аймагында жүргөн жалпы эле чет өлкөлүктөргө, анын ичинен, Кыргызстандын жарандарына, өздөрүн мыйзамдаштырып алуу үчүн 2025-жылдын 30-апрелине чейин мүмкүнчүлүк берилип, жарандарыбыз жетишпей жатканынан улам, ал мөөнөт ушул жылдын 10-сентябрына чейин узартылды. Учурда көзөмөлдөнүүчү жарандардын реестрине кирип калган жарандарыбыз өздөрүнүн укуктук абалдарын жөнгө салуу иштери менен алектенип жатышат.

— Элчилик ушул кырдаалда жарандарга кандай жардамдарды көрсөтүп жатат? Жарандарга маалымат жетиштүү болуп жатат деп ойлосузбу?
— Элчилик Россия миграциялык мыйзамдарды өзгөртүүгө, талаптарды күчөтүүгө багыт алганы тууралуу, ошондой эле, кабыл алынып жаткан эреже/ талаптар тууралуу коомчулугубузду өз убагында кабарлап турат. Маалымат талаасында өзүңүздөр байкап жаткан болсоңуздар керек, Тышкы иштер министрлиги жана элчилик ар бир кабыл алынган эреже/талаптар боюнча маалыматтарды өз убагында маалыматтарды жана видеороликтерди ЖМКлар жана социалдык платформалар аркылуу активдүү таратып жаттык, азыр деле ал иштер активдүү уланып жатат. Мындан тышкары, диаспора өкүлдөрү жана коомдук бирикмелердин жардамы менен жалпы элге маалымат жеткирилип жатат. Элчиликке күн сайын ар кандай кызмат алуу үчүн келген жарандар (500-700гө чейин) арасында түшүндүрүү иштерни жүргүзүп, жарандардын көйгөйлөрүн угуп, укуктук консультацияларды берип жатабыз. Кызматкерлерибиз аймактык миграция бөлүмдөрүнө, кыргызстандыктар көбүрөөк иштеген/жашаган жерлерге барып, жеринде жарандарга практикалык жардамдарды көрсөтүп, 10-сентябрга чейин мыйзамдашып алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жеринде да жүргүзүп жатышат. Сөзүм куру болбос үчүн элчиликтин аткарып жаткан иштери тууралуу статистикалык маалыматтар менен бөлүшө кетсем.
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында элчилик тарабынан 96 миң 756 консулдук кызмат жана иш-аракеттер көрсөтүлгөн, алардын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча 6 249 жаран кайрылып, тийиштүү жардам алган.
Элчиликтин “Түз байланыш” телефону аркылуу 2025-жылдын 6 айында 19 655 жаранга укуктук консультация берилген, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу 8 151 мекендештердин кайрылуулары кабыл алынып, аларга тиешелүү консулдук-укуктук жардамдар көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, жарандарды документтештирүү маселеси боюнча 39 612 жаран укуктук консультация алган. Ошол эле учурда жеке кабыл алуу аркылуу 5 500 жаранга консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, жазуу жүзүндө түшкөн 492 арыз каралып, алардын ичинен 409 арыз оң жагына чечилген.
Консулдук кызматкерлер тарабынан Россиянын ички иштер органдарына, оорукана, өлүккана, аэропортторго 300дөн ашык консулдук чыгуулар уюштурулган. Кызматкерлердин түздөн-түз көмөгү менен 120дан ашык жаран административдик жоопкерчиликтен, ал эми 10 мекендеш кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган.
Россиянын аймагындагы түзөтүү абактарында жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын 87 жараны менен жолугушуп, аларга укуктук жардам көрсөтүлгөн. Ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек 15 баланы мекенине кайтарууга көмөк көрсөтүлгөн. Элчиликтин көмөгү менен оор турмуштук кырдаалга кабылган, анын ичинде зомбулуктун курмандыктары болгон 19 жаран Кыргызстанга кайтарылган.

— Россиядагы “Сахарово” миграциялык борборунда каттоодон өтүү тууралуу айтсаңыз? Борбордун чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоо жайында отурушкан жарандарыбыз да бар. Алардын абалы кандай, көпчүлүгү кандай мыйзамдарды бузушкан?
— Москва шаарына караштуу “Сахарово” көп функционалдуу миграциялык борборунда чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар Россия Федерациясынын мыйзамдарынын талабына ылайык медициналык кароодон, манжа изин тапшыруу жана сүрөткө түшүү процедураларынан өтөт. Анткени Россиянын миграциялык мыйзамдарына ылайык, Россиянын аймагында эмгектенүүгө келген мекендештерибиз жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү (6 жаштан баштап жашы жете элек балдар) бул талаптарды аткарууга милдеттүү.
Мындан тышкары, 2025-жылдын январь айынан тартып Россиянын президентинин жарлыгына ылайык, Россиянын аймагында мыйзам бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуудагы алгачкы кадамы дагы аталган миграциялык борбордон атайын белгиленген процедураларды өтүүдөн башталат.
Ал эми Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгына караштуу “Сахарово” чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына мекендештерибиз Россиянын мыйзамдарын бузуусуна байланыштуу соттун чечими менен 90 күнгө чейин жайгаштырылат. Бирок практикада, эгер ал борборго жайгаштырылган жарандын төлөнбөгөн айыптары же Россиянын аймагынан чыгууга башка себептери жана соттун депортация тууралуу чечимине доо арызы жок болсо, Кыргызстанга 3-10 күндүн ичинде эле жөнөтүлөт.
Өз кезегинде элчиликтин кызматкерлери убактылуу кармоочу борборго туруктуу негизде барып, ал жерде мекенге кайтуусун күтүп жаткан мекендештерибизден кабар алып, аларды кармоо шарттары менен таанышып, тийиштүү консулдук-укуктук кеңештерди берип, кайрылган суроолоруна жооп берип келишет. Учурда аталган борбордо 66 мекендешибиз мекенине кайтуусун күтүүдө.

— Россиянын мыйзамы менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган жарандарыбыздын абалына токтолсок, бул багытта акыркы жылдары өз өлкөсүнө экстрадиция болгондор барбы? Кандай талаптар менен экстрадиция ишке ашат?
— Тилекке каршы, Россиянын аймагында ар кандай кылмыш иштерине аралашып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган мекендештерибиз бар, бүгүнкү күндө 1374 жараныбыз соттолуп, жазасын өтөп жатат. Элчиликтин жана Россиянын аймактарындагы элчиликтин кеңселеринин кызматкерлери абактардагы мекендештерибиздин абалы, аларды кармоо шарттары менен таанышуу максатында туруктуу негизде консулдук чыгууларды ишке ашырып, жарандар менен жолугушууларды өткөрүп келет. Жолугушуулардын алкагында жарандарыбызга консулдук-укуктук консультациялар берилип жана алардын жазасын андан ары өтөө үчүн Кыргызстанга которулууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги тууралуу түшүндүрмө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми жазасын андан ары өтөө үчүн мекендештерибизди Кыргызстанга которуу маселеси Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын компетенциясына кирип, “Соттолгондорду өткөрүп берүү Конвенциясынын” жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ал мекеме Россиянын Юстиция министрлиги менен түздөн-түз иш жүргүзөт.
Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директорунун орун басары Халида Эргешева