Россия ЕАЭБ импортуна жаңы көзөмөл системасын киргизди

Экономика Загрузка... 05 Март 2026 13:40
WhatsApp Image 2026-03-05 at 12.40.04 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 5.03.26 /Кабар/. Россия өкмөтү СПОТ - товарлардын жеткирилишин күтүүнү тастыктоо системасын киргизди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров билдирди.

Анын айтымында, бул система Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн импорт иштеринин ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.

“Экспорттоочулар же жүк жөнөтүүчүлөр Россияга товар жөнөтө турган болсо, товарды тосуп алуучунун (импорттоочу) сөзсүз түрдө федералдык салык системасында каттоосу болушу шарт. Атап айтканда, товарды алганын тастыктаган документти алышы керек. Ал товардын келе жаткандыгын тастыктайт.
Андан сырткары, ал камсыз кылынган төлөмдү төлөшү керек болот. Товар Россияга жетерден эки күн мурун ушул эки документ алынышы керек. Төлөм тастыкталгандан кийин QR-код берилип, ал чек араны кесип өтүүдө колдонулат.
Системанын тесттик режими 2026-жылдын 1-апрелинен 30-июнга чейин уланат, ал эми толук ишке киргизүү 1-июлдан башталат. Бул Россиянын Евразия экономикалык биримдигинин аймагында мониторинг жана фискалдык көзөмөлдү күчөткөндүгүн билдирет”, - деп белгиледи ал.