Россия Айга чакан атомдук электр станциясын жеткирүүнү пландоодо

Дүйнө Загрузка... 13 Июнь 2025 15:03
1960506432_0_159_30.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Россия Айга аз кубаттуу атомдук электр станциясын жеткирүүнү пландап жатканын өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Денис Мантуров РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

"Биринчиден, бардык технологиялар Айда сыналышы керек, андан кийин башка планеталарга өтүү керек. Айда технологияларды сынап жатканда, атап айтканда, биздин кытайлык өнөктөштөр менен станцияны энергия менен камсыз кылуу зарыл. Кеп биздин аз кубаттуу атомдук станциябызды Айга жеткирүү жөнүндө болуп жатат", - деди ал Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алдында.

Мантуров аз кубаттуу атомдук станция төмөнкүлөргө мүмкүндүк берерин белгиледи:

  • Жердин табигый спутнигиндеги космос станциясын энергия менен камсыз кылуу;
  • Космос мейкиндигин мындан ары изил-деенун технологияларын сыноо.

Айды камтыган жакынкы мейкиндикти изилдебей туруп, космос жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес, деп кошумчалады вице-премьер-министр. Анын айтымында, Россия алгач Айды жана Венераны изилдейт, андан кийин Марс жөнүндө ойлонушат.

Алдын ала пландарга ылайык, Эл аралык Айды изилдөө станциясы 2035-жылга чейин түзүлөт.

Эске салсак, өткөн жылдын аягында Роскосмос 2033-2035-жылдары ал жерге ата мекендик атомдук электр станциясын жеткирүүнү пландап жатканын билдирген.