Рок ырчысы Оззи Осборн дүйнө салды

Дүйнө Загрузка... 23 Июль 2025 08:55
856f15b1-824d-4653-9d20-4cbfdfb22782.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 23.07.25 /Кабар/. Улуу Британияда дүйнөгө белгилүү рок-музыкант, Black Sabbath тобунун негиздөөчүсү жана хэви-метал жанрынын чебери Оззи Осборн 76 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги билдирди.

5-июлда Осборн акыркы жолу Black Sabbath менен концерт коюп, күйөрмандары менен кош айтышкан. Концерт анын туулган шаары Бирмингемдеги Villa Park стадионунда өтүп, түшкөн каражат кайрымдуулукка берилген. Ал концертте Осборн Паркинсон оорусуна байланыштуу ырларды тактыда отуруп аткарган.

Оззи Black Sabbath тобунда 1969–1977-жылдары ойноп, кийинчерээк жеке карьерасын уланткан. Ал АКШнын Рок-н-ролл даңк залында жана Улуу Британиянын музыкалык Даңк залында да бар. Осборндун ысымы Бирмингем жана Голливуддагы “Даңк аллеясына” жазылган. 2014-жылы MTV Europe аны "Global Icon" наамы менен сыйлаган.