Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Боливияда өткөн президенттик шайлоодо Христиан-демократиялык партиянын талапкери Родриго Пас жеңишке жетти. Бул тууралуу РБК билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, ал 54,5% добуш алып, атаандашы — мурдагы президент Хорхе Кироганы (2001-2002) (45,5%) утуп чыкты.
Пас 8-ноябрда кызматына киришет. Анын шайлоодогу жеңиши өлкөдөгү солчул күчтөрдүн, анын ичинде мурдагы президент Эво Моралес жетектеген лагердин, узак мөөнөттүү үстөмдүгүнө чекит койду.
Жаңы мамлекет башчысы өлкөдө “баарына ылайыктуу капитализм” саясатын жүргүзүп, бизнеске жолтоо болгон административдик тоскоолдуктарды жоюуга убада берди.
Боливиядагы ири литий кендерин пайдалануу маселеси - шайлоо өнөктүгүндөгү негизги тема болду.