Роботтор Кытайдагы кадр тартыштыгын азайтат

Дүйнө Загрузка... 20 Май 2026 09:15
6329f45c-a685-4981-8d0a-4ac712c92630.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.05.26 /Кабар/. Кытайда адам сымал роботторду кеңири колдонуу 2035-жылга чейин жумушчу күчүнүн кыскарышынан жарала турган жоготуулардын 60 пайызга чейинки бөлүгүн компенсациялашы мүмкүн. Мындай божомолду британиялык Barclays банкынын аналитиктери чыгарганын Интерфакс билдирет.

Андагы эксперттердин эсебине ылайык, учурдагы демографиялык көрсөткүчтөр жана Кытайдагы экономикалык активдүү калктын үлүшү 65 пайыз деңгээлинде сакталат деген шартта, жакынкы 10 жыл ичинде өлкөдө эмгекке жарамдуу адамдардын саны 37 миллионго кыскарышы мүмкүн.

Аналитиктер мындай тенденцияга төрөттүн азайышы жана калктын картаюусу негизги себеп болуп жатканын белгилешет. Алардын пикиринде, бул өз кезегинде Кытай экономикасынын болжол менен төрттөн бир бөлүгүн түзгөн өндүрүш тармагына олуттуу таасир тийгизиши ыктымал.

Изилдөөдө эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү жумушчу күчүнүн жетишсиздигин толук жаба албасы айтылып, автоматташтыруу жана роботтоштурууну тездетүү зарылчылыгы күчөп жатканы белгиленген.

Мындан тышкары, жумушчулардын санынын азайышы Кытай ичинде роботторго болгон ири суроо-талапты жаратып, миллиондогон роботтор үчүн чоң рынок түзөрү айтылат.

2035-жылга карата өлкөдө иштеп жаткан адам сымал роботтордун жалпы саны 24 миллионго жетиши мүмкүн.

“Азыркы он жылдык роботтордун доору жана бул доор Кытайга таандык”,-деп белгилешкен Barclays аналитиктери.