Республикалык спорттук колледжинин базасында жаңы спорт комплекси ачылды

Спорт Загрузка... 05 Февраль 2026 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Бүгүн, 5-февралда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин базасындагы жаңы спорт комплексинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, заманбап борбордо күрөш залы, көрүүчүлөр үчүн трибуналар, тамактануучу жай, заманбап жатаканалар, конференц-зал, окуу-машыгуу жана жыйындар үчүн кошумча бөлмөлөр каралган.

Күрөш залы заманбап килемдер жана грек-рим, эркин күрөш үчүн керектүү жабдуулар менен жабдылган. Комплексте машыгуу залдары, бир нече спорттук бөлмөлөр жана жалпы физикалык даярдык үчүн кардиозонаны камтыйт. Мындан тышкары, колледждин аймагында мечит да курулган.

Ал эми тарбия корпусунда окуу менен спортту айкалыштырууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Жаңы медициналык блок жана санитардык бөлүм атайын жабдуулар менен камсыздалган.

УКМК төрагасы жаңы ачылган комплекс чемпиондорду гана эмес, ар тараптуу өнүккөн жаштарды даярдоочу борбор болорун, спорт, интеллект жана ден соолук биригип, жаңы бийиктиктерге жетүүгө жол ачарын белгиледи.

Камчыбек Ташиев комплексти ачуу аймактагы спорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы болуп, спортчуларды кесиптик даярдоого, жаштарды активдүү спортко тартууга жана маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн кошумчалады.