Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесине жаңы директор дайындалды — Кабар

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесине жаңы директор дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 15 апрель 2025 18:07
486628947_1111735970996075_2819057060801857676_n.jpg
487311972_1111735964329409_8017681723880476451_n.jpg
487338975_1111735967662742_3502173336800879764_n.jpg
Алдыга
Артка
486628947_1111735970996075_2819057060801857676_n.jpg
487311972_1111735964329409_8017681723880476451_n.jpg
487338975_1111735967662742_3502173336800879764_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Шадыханов Калысбек Токтосунович Эмгек министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Жаңы директорду эмгек жамаатына эмгек министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова тааныштырды.