Рейтингдик мелдеш: Балбан Жоламан Шаршенбеков Будапештте алтын багындырды

Спорт Загрузка... 20 Июль 2026 11:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан "Polyak Imre, Varga Janos & Kozma Istvan Memorial" эл аралык рейтингдик турниринде алтын медаль жеңип алды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан алгачкы беттешинде америкалык Далтон Робертсти 4:0 эсебинде тушеге жыкты.

Андан соң 1/8 финалда Азербайжандын өкүлү Элмир Алиевди 10:0 эсебинде, чейрек финалда египеттик Махмуд Саадды 9:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда өзбекстандык Алишер Ганиевди 9:2 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.

Алтын медаль үчүн беттеште ал Казакстандын балбаны Ернур Фидахметов менен күрөшмөк. Бирок атаандашынын жаракат алгандыгына байланыштуу финалдык беттеш өткөн жок.

Жыйынтыгында Жоламан Шаршенбеков рейтингдик турнирдин жеңүүчүсү аталып, алтын медалга ээ болду.