“Реал Мадрид” “Олимпиакос” клубун 4:3 эсебинде жеңди

Дүйнө Загрузка... 27 Ноябрь 2025 11:55
WhatsApp Image 2025-11-27 at 10.20.50.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.25 /Кабар/. “Реал Мадрид” футбол клубу грек командасы “Олимпиакосту” 4:3 эсебинде жеңди. Оюн кечээ Чемпиондор лигасынын топтук баскычындагы 5-турдун алкагында болгонун Известия кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Реал Мадридден” төрт голду чабуулчу Килиан Мбаппе киргизген. Ал эми “Олимпиакос” командасынан жарым коргоочу Шикинью жана чабуулчулар Мехди Тареми менен Аюб Эль-Кааби бирден гол киргизишкен.

Мбаппе бул оюндун эң мыкты оюнчусу деп табылды.

Буга чейин, 5-ноябрда УЕФА Чемпиондор лигасынын жалпы этабындагы оюнда “Ливерпуль” “Реал Мадридди” 1:0 эсебинде жеңген. Анда чечүүчү жалгыз голду 61-мүнөттүн ичинде жарым коргоочу Алексис Макаллистер киргизген.