Равшанбек Сабиров Түркияда үй-бүлө институтун бекемдөөгө арналган форумга катышты

Коом 687 23 Май 2025 11:00
WhatsApp Image 2025-05-23 at 10.01.37 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-23 at 10.01.37.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-23 at 10.01.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-23 at 10.01.36.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-05-23 at 10.01.37 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-23 at 10.01.37.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-23 at 10.01.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-23 at 10.01.36.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 23.05.25 /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров "Ааламдашуу шартында үй-бүлөнү коргоо жана чыңдоо" темасында эл аралык форумга катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, форум Түркияда үй-бүлө жылынын алкагында өтүп, үй-бүлө институтунун актуалдуу чакырыктары жана колдоо жолдорун талкуулаган министрлерди, эксперттерди жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди.

"Үй-бүлө туруктуу коомдун негизи болгон жана болуп кала берет. Ал баалуулуктарды калыптандырат, муундардын улануусун, балдардын социалдашуусун камсыздайт, турмуштун оор мезгилдеринде негизги колдоо көрсөтөт", - деди Равшанбек Сабиров өз сөзүндө.

Бирок, министрдин айтымында, үй-бүлө институту төрөттүн төмөндөшүнө, ажырашуулардын санынын көбөйүшүнө, үй-бүлөлүк байланыштардын солгундашына, санариптик чөйрөнүн таасири жана индивидуалдык баалуулуктардын жайылышына алып келген олуттуу көйгөйлөргө туш болууда.

"Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө болуп көрбөгөндөй маанилүү. Кыргызстан үй-бүлө институтун мамлекеттик социалдык саясаттын приоритеттүү багыты катары карайт. Биз келечек муундарды коргоо үчүн эл аралык коомчулук менен биргелешкен аракеттерди көрүүгө даярбыз", - деди министр.

Форумда демографиялык тобокелдиктер, үй-бүлөнүн салттуу моделдерин трансформациялоо, социалдык коргоо, иш менен камсыз кылуу, билим берүү тармагында комплекстүү саясат жүргүзүүнүн зарылдыгы талкууланды. Катышуучулар үй-бүлөлүк баалуулуктарга массалык маалымат каражаттарынын, урбанизациянын жана идеологиялык тенденциялардын таасирин да карашты.