Ракка каршы дары иштеп чыгууда ийгилик жаралды

Дүйнө Загрузка... 11 Октябрь 2025 18:03
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.10.25. /Кабар/. Массачусетс университетинин окумуштуулары ракка каршы вакциналардын таасирин кескин күчөтүүчү кичинекей бөлүкчөлөрдүн жаңы түрүн иштеп чыгышты. Бул иштеп чыгуу Cell Reports Medicine журналында баяндалган.

Иштелип чыккан липиддик нанобөлүкчөлөр иммундук система үчүн эки "коңгуроо сигналын" — STING жана TLR4 жолдорунун агонисттерин алып жүрөт. Мындай айкалыш негизги иммундук клеткаларды активдештирүүгө, интерферондордун иштелип чыгышын көбөйтүүгө жана чычкандарга жасалган тажрыйбаларда вакцинациянын натыйжалуулугун бир нече эсе жогорулатууга мүмкүндүк берди. Дарыны киргизгенден кийин жаныбарлардын организми шишиктерди жок кылып гана тим болбостон, оорунун кайра өнүгүшүнө жол бербөөчү иммундук эс-тутумду да сактап калган.

Жаңы технология универсалдуу платформа катары иштейт: аны меланома, уйку безинин рагы жана эмчектин үч эселенген терс рагы сыяктуу рактын ар кандай түрлөрүнө колдонууга болот. Авторлордун айтымында, кийинки кадам — коопсуздугун текшерүү жана адамдарда клиникалык сыноолорго даярдык көрүү.